Кыргызстанга үзгүлтүксүз аба каттамдарын жүргүзүүгө Түркия макулдугун берди

Кыргызстанга үзгүлтүксүз аба каттамдарын жүргүзүүгө Түркия макулдугун берди.

Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев novosti.kgге билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда чек аралар жабык болгондуктан бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

Акышев белгилегендей, сентябрдан тартып биздин өлкө төрт мамлекет менен аба жолдорун ачууга даяр.

Ал эми учурда чет жердеги мекендештер үчүн чартердик каттамдар тынымсыз жүргүзүлүп жатат.