Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын саны 32 миң 602 жаранды түзөт

Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын саны 32 миң 602 жаранды түзөт. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 5 өлкө боюнча 31 шаар катталды.

 

Быйыл биринчи жолу Италия жана Францияда шайлоо тилкелери ачылды. Андан тышкары, Россиянын шаарларында кошумча 5 тилке пайда болду. Аларда 33 мобилдик консультация берүүчү бригадалар иштеди, — деди Шайлдабекова.