Ошто убактылуу каттоого турууну милиция текшерип жатат

Ошто убактылуу каттоого турууну милиция текшерип жатат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын өкүлү Наргиза Куватова кабарлады.

Анын айтымында, шайлоо алдында убактылуу каттоого турган жарандардын саны

кескин көбөйдү. Жогорку окуу жайдын окутуучулары студенттерден каттоого

туруш үчүн паспортторун талап кылганы тууралуу ММКларга жарыяланган.

Аталган факты кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыр бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат», — деди Куватова.