Жергиликтүү кеңештердин шайлоосун өткөрүүгө 64 миллион сом каралып жатат

Жергиликтүү кеңештердин шайлоосун өткөрүүгө 64 миллион сом каралып жатат.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет. Маалыматка караганда,

каражат шайлоо учурунда БШКнын администрацияларынын аппараттарында

иштеген мүчөлөрүнө, ишке тартылган адистер жана жарандарга сарпталат.

Сумма өзүнө командировка, байланыш, жолдо жүрүү кызматтарын семинар жана

кофе-брейктерди камтыйт. Эске салсак, 5 шаардык жана

25 айылдык кеңештерди шайлоо 12-апрелде өтөт.