Бүгүн шаардык кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Айылдык кеңештерде агитация кампаниясы 22-мартта башталат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Талапкерлер өз аймактарында шайлоочулар менен жолугуп, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн программасы менен тааныштыра алышат.
Үгүт өнөктүгү 9-апрелге чейин уланат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Бул күнү Кыргызстандын 28 шаардык жана 420 жергиликтүү кеңешине депутаттар шайланат.