Чет мамлекеттерде шайлоо тилкелеринин саны көбөйтүлөт

Чет мамлекеттерде шайлоо тилкелеринин саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу БШКнын отурумунда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, тийиштүү өлкөлөрдөн оң жооп алынса, шайлоо участокторунун саны 48ден 57ге көбөйүшү мүмкүн.

 

Мекендештердин суранычы менен Хабаровск, Самара, Казань, Краснодар, Томск, Нью-Йорк, Чикаго, Анталия шаарларында добушканаларды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Министрдин айтымында, чет жакта 68 миңден ашык кыргызстандык шайлоочу бар.

 

Парламенттик шайлоо  28-ноябрга белгиленди.