Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 9 партия ат салышат.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аталган аймак боюнча
координатору Расул Бакиров билдирди. Анын айтымында, талапкер
партиялардын документтерин кабыл алуу мөөнөтү аяктады.
Белгилеп кетсек, добуш берүү 12-апрелде өтөт.