Күздө өтүүчү парламенттик шайлоонун так мөөнөтү азырынча белгисиз.
Бул тууралуу премьер-министр милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, эпидемиологиялык абалдын курчуп турганына байланыштуу шайлоонун
так мөөнөтүн айтуу эрте. Эгерде вирусту жугузуу азайса, шайлоо өз убагында болот.
Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо быйыл 4-октябрда өтүшү керек.