Президенттик шайлоо жана референдумга карата көчмө добуш берүү 9-январда өтөт

Президенттик шайлоо жана референдумга карата көчмө добуш берүү 9-январда өтөт.

БШКдан билдиришкендей, анда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар,

алыскы райондордо кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери жана ооруканадагы

жарандар добуштарын бере алышат. Бардык шайлоо тилкелеринде добуш бере ала турган

жарандардын тизмеси 29-декабрда даяр болот. Ал эми шайлоо 10-январга белгиленди.