Дүйнөдө COVID-19 инфекциясына каршы вакцинанын кеминде бир жарым миллион дозасы сайылды

Дүйнөдө COVID-19 инфекциясына каршы вакцинанын кеминде бир жарым миллион дозасы сайылды.

AFP кабар агенттиги 18-майда расмий маалыматтарга таянып жазганына караганда, бул сандын

бештен үч бөлүгү Кытайга, АКШга жана Индияга туура келет. Жалпы жонунан 210 өлкөдө эмдөө жүрүп жатат.

Чоң кишилердин дээрлик 60 проценти вакцинанын эки дозасын тең алган Израиль иммунизация жагынан биринчи орунда турат.

Британияда 54 процент кишиге жок дегенде биринчи доза сайылды, АКШда бул көрсөткүч 48 процентти түзөт.

Европа Биримдигинин калкынын 32 проценти вакцинанын бир дозасын алды.

Ал тапта пандемиядан катуу жабыркап келаткан Индияда шейшембиде бир суткада коронавирустан 4 жарым миңден көп киши көз жумду.

Ошол эле маалда илдетке чалдыккандардын саны төмөндөп жатат. Буга чейин күнүнө 300 миңден кем эмес жаңы бейтап катталып келген. Инфекциялангандардын жалпы саны 25 миллион кишиден ашты.

18-майда Парижде Африка өлкөлөрүнө пандемиянын кесепеттерин жоюуга жардам берүү жолдору талкууланды.

Ал эми Европанын бир катар жеринде карантиндик чаралар четинен алынууда.