Бишкекте «Спутник V» вакцинасынын 930 дозасы жараксыз абалга келип, алар жарактан чыгарылды

Бишкекте «Спутник V» вакцинасынын 930 дозасы жараксыз абалга келип, алар жарактан чыгарылды.

Журналисттерге шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришкендей,

мындай кырдаалга өчүп калган муздаткыч алып келди. Ал кандайдыр бир себеп менен

электроэнергияга кошулбай калган. Республикалык иммундук профилактика борбору

кызматтык териштирүү жүргүздү. Беш адамга сөгүш берилди, башкы дарыгер,

анын орун басары жана эмдөө кабинетинин 3 кызматкери.

Муздаткычтын өчүп калганын эртең менен пол жууп жүргөн санитар байкап калган.