Франция коронавирус инфекциясынын биринчи толкунун жеңгенин жар салды

Франция коронавирус инфекциясынын биринчи толкунун жеңди. Бул тууралуу өлкө президенти Эммануэль Макрон инфекцияга байланыштуу элге кайрылуусунда түз эфирде айткан.

 

«Эпидемия менен күрөш бүтө элек. Бирок мен сиздер менен чогуу ушул биринчи толкунду жеңгенибизге кубанычтамын», — деген Макрон.

Анын айтымында, өлкөдө чектөөлөрдү алып салуунун жаңы этабы башталат. Француздар 15-июндан тарта Евро Биримдикке кирген өлкөлөргө, ал эми 1-июлдан баштап эпидемиологиялык абалы коопсуз болгон башка мамлекеттерге бара алышат. Мындан тышкары борбор шаардагы бардык ресторандар ачылат.

Пандемияга байланыштуу Франция чек арасын 17-мартта жапкан. Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө коронавирус инфекциясы жалпы 194 миң 153 адамдан аныкталды. 29 миң 410 адам каза болсо, 72 миң 982 бейтап айыгып чыкты.