Кыргызстан Коррупцияны кабылдоо индекси-2019 рейтингинде
6 баскычка көтөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган тизмеде Кыргызстан
180 мамлекеттин ичинен 126-орунга жайгашты. Бул көрсөткүч
2018-жылга салыштырмалуу 6 позицияга жакшырды.
Рейтингде биздин өлкө Россия, Тажикстан, Өзбекстандан жогору турат.
Ал эми Казакстан 113-орунда. Белгилеп кетсек, Коррупцияны кабылдоо
индекси өлкөнүн мамлекеттик сектордо коррупцияны
кабылдоонун деңгээлин баалайт.