Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери Казакстандан эки күндөн кийин чыгарыла баштайт. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн мажилистин жыйынында билдирди.
Ал кошумчалагандай, ЖККУнун тынчтыкты орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы ийгиликтүү аяктады.
Маалым болгондой, аскерлерди чыгарып кетүү процесси 10 күндөн ашпайт. Эске салсак, Кыргызстан 7-январда Казакстанга 150 жоокер жөнөткөн.