Илон Маск кайрадан дүйнөнүн эң бай адамы аталды

Илон Маск кайрадан дүйнөнүн эң бай адамы аталды.

Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсүнүн байлыгы ушу тапта 187 миллиард долларга жетти.

Маск биринчиликти былтыр жыл аягында франциялык Бернар Арного тарттырып жиберген.

Эми ал 185 миллиард доллар байлыгы менен экинчи орунга түштү.

Ал эми Forbes журналынын рейтингинде Маск Арнодон артта калууда.