Кытайдын Пекин шаарында кийинки жылдан баштап таштандыны сорттобой ыргыткандарга айып салынат.
Бул тууралуу чет элдик ММКлар жазууда. Маалыматка ылайык,
келе жаткан жылдын май айынан баштап мыйзам күчүнө кирет.
Анда таштандылар: тамак-аш калдыктары, кайра иштетүүгө жарамдуу,
кооптуу заттар жана башкалар деп төрткө бөлүнүп сорттолушу керек.
ул эрежелерди сактабай таштанды ыргыткан жеке жактарга 200 юань же 30 доллар,
ал эми ишканаларга 1 миң 420 доллар айып төгүүгө туура келет.