Крымдын Керчь шаарында нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрдү.
РИА Новости билдиргендей, суунун деңгээли 40-80 сантиметрдин
тегерегинде сакталып турат. Жааган жаандын көлөмү эки айдын
нормасына барабар. Аймактагы Мелек-Чесме дарыясынын суусу көтөрүлүп,
шаардык оорукананын имаратынын алдыңкы кабатын каптады.
Сел жүргөн жерден дээрлик 1,5 миң адам көчүрүлдү.
Учурда аймакта чукул абал жарыяланган.