Воронцовкадагы санаторий көзөмөл жайы болбойт

Воронцовкадагы санаторий коронавирус жайылган мамлекеттерден

келгендер үчүн көзөмөл жайы болбойт. Саламаттыкты сактоо

министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, медициналык

мекеме штаттык режимде иштеп жатат. Жергиликтүү тургундар

көзөмөл жайынын ачылышына каршы митинг уюштурат жана жолду

тозот деген маалымат чындыкка дал келбейт. Белгилеп кетсек,

Кыргызстанга коронавирус жуктуруп алган өлкөлөрдөн келгендерди

карантинге жаткыруу үчүн 1,5 миңге жакын орун даярдалды.