ЕАЭБ аймагына товар алып кирүүгө документтерди толтуруунун эрежелери өзгөртүлөт

ЕАЭБ аймагына товар алып кирүүгө документтерди толтуруунун эрежелери өзгөртүлөт.

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиядан билдиришти. Тагыраагы, 1-январдан

баштап биримдиктин аймагына товар алып келе жаткан тарап бажы декларациясын

толтуруу маалында товар өндүрүлгөн өлкө менен катар анын бажы төлөмдөрү

боюнча кандай жеңилдиктерге укугу бар же жок экенин көрсөтүшү керек. Бул үчүн

ишкерлер декларацияда мурда белгиленбей келген Өндүрүлгөн өлкөнүн кодун

толтурушу керек. Бул нерсе ишкерлерге кийин ар кандай

кошумча суроолордон кутулууга шарт түзөт.