Кыргызстанда министрлик жана ведомстволордун жарымынан көбү кыскартылды

Жаңы жетекчи – жаңы эрежелер. Кыргызстанда министрлик жана ведомстволордун жарымынан көбү кыскартылды.

Парламент өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Министрлик, мамлекеттик агенттик, инспекция жана ар түрдүү фонддордун

саны кечээ эле 28ге жетчү. Бирок жаңы премьер Улукбек Марипов алардын саны 12 эле болот деп чечти.

Кыскартуу жүргүзүлгөн башкы принципке ылайык иштер үчүн бир эле ведомство жетиштүү болот.

Алсак, каржы министрлиги экономиканы толук өздөштүрүп кете алат. Аны өкмөт башчынын орун басары башкарат.

Андыктан кызматтын рангы жогору болот. Ушундай эле өзгөчө статус айыл-чарба министрине берилди.

Дыйкандар негизинен периферияда иштейт, андыктан ушул аймактар агрардык ведомствону өнүктүрөт.

Жаңы өкмөт ошондой эле Суу энергетика жана өндүрүш секторлорунда иштер жакшы жүрбөй жатат деп эсептеп, аларды бириктирди. Бул социалдык тармактарга да тиешелүү. Саламаттыкты сактоо министрлиги калды, бирок ведомство жетекчисине мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдеттери жүктөлдү. Мындан пенсиянын көлөмү жогорулабайт, бирок чиновниктердин саны азаят. Бул бюджеттик каражатты үнөмдөөгө шарт түзөт.