Быйыл 40 айыл өкмөт дотациядан чыгат.
Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылы 1,8 миллиард сомго аймактарда 168 чакырым жол асфальтталды.
Быйыл да ар бир райондо 3 чакырымдан жолду асфальттоо каралып жатат. 2019-жылдын
октябрь айындагы расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда 40 район, 31 шаар,
453 айыл аймагы бар. Алардын 80 пайызы дотацияда отургандыктан,
республикалык бюджеттен каржыланып келет.