ЕАЭБ аймагына убактылуу кирген унаалар бир айдан кийин чыгырылышы зарыл.
Тагыраагы, 30-сентябрда пандемия башталганга чейин убактылуу ташылып келинген
машинелердин биримдик аймагында туруу мөөнөтү аяктайт, — дешти Евразия
экономикалык комиссиясынын маалымат кызматынан. Андан белгилешкендей,
эгер талаптар аткарылбаса бажы алымдары жана салык толугу менен төлөнөт.