Нарын облусунда көмүр казуу иштери башталды.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,
1-майдан тарта Жумгал районунун Кара-Кече, Өрнөк жана
Миң-Куш аймактарында иштер башталды. Учурда жалпысынан
16 өндүрүштө көмүр казылып жатат. Белгилеп кетсек, облус боюнча
226 субъектилер ишке кирди. Алардын ичинде Түндүк-Түштүк
альтернативалык жолунун курулушу жана калкты тейлөө кызматтары бар.