Мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты уюштурулбайт.
Учурда Билим берүү министрлиги тиешелүү буйрукту даярдап жатат.
Мындай чара өкмөттүн коронавирустун жайылышына бөгөт коюу максатында
массалык иш-чараларды өткөрбөө боюнча чектөөлөрүнө ылайык аткарылат.
Тыюу салуу ошондой эле 10, 20 жана 30 жылдык
мааракелерди өткөрүүнү каалагандарга да тиешелүү.