«Унаа» мамлекеттик мекемеси каттоо жана кайра каттоо маалында транспортту сүрөткө тартып алат.
Андан кийин фотосүрөттөр жана кароо актысы электрондук маалымат базасына киргизилет, — деп
билдиршти Санариптик өнүктүрүү министрлигинен. Жаңы эрежеге ылайык, системага
сүрөттөрдөн жана кароо протоколунан тышкары кузовдун (шасси/рама) номерлери,
унаанын жайгашкан жеринин дареги жана текшерүүнүн датасы камтылат.
Мындай чаралар иш жүзүндө транспорт каражатын кароодон өткөрбөстөн
каттоо фактыларын жокко чыгарууга мүмкүндүк берет.