Кыргызстанда акысыз паспорт берүү кампаниясы ушул жумада аягына чыгат.
Тагыраагы, 31-августтан кийин жарандарга акысыз ID-паспорттор берилбейт, — дешти
Novosti.kgге мамлекеттик каттоо кызматынан. Буга чейин мамлекеттин карамагындагы
социалдык мекемелерде жашаган 5 категориядагы жарандарга документтер берилди.
Бүгүнкү күндө документ алуу үчүн 261 арыз түшкөн, анын 199у боюнча паспорт
даярдалып, тапшырылды. Эске салсак, Улуттук кампания 1-майда башталган.