Бишкектин бир катар көчөлөрү жабылды.
Милициянын кайгуул кызматынан эскертишкендей, Кыргызстандын
эгемендүүлүк күнүнө карата бүгүн түнкү саат 10го чейин даярдык иш-чаралары өтөт.
Ал учурда Чүй көчөсүнүн Орозбеков менен кесилишинен тартып, Эркиндик бульварына
чейинки аралык жана Абдумомунов көчөсү Орозбеков менен кесилишкен жеринен тартып,
Эркиндик бульварына чейин жабылды. Андан тышкары, эртең, 27-августта дагы
Эски аянтта кыймылга чектөө киргизилет.
Айдоочуларга каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.