Forbes журналы түзгөн дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын рейтингин 2011-жылдан бери алгачкы ирет Ангела Меркель ээлеген жок

Forbes журналы түзгөн дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын рейтингин 2011-жылдан

бери алгачкы ирет Ангела Меркель ээлеген жок. Биринчи орунду Amazon компаниясынын

негиздөөчүсү Джефф Безостун мурдагы аялы, жазуучу Маккензи Скотт ээледи.

Басылма анын кайрымдуулук иштерин белгиледи. Тизменин экинчи сабында

АКШнын вице-президенти Камала Харрис жайгашты. Андан кийин эл аралык

валюттук фонддун директору Кристин Лагард турат.