Айдоочуларга жолдо жүрүүдө өзгөчө этият болуу сунушталат.
Бүгүн өлкө аймагында суук болушу күтүлүүдө. Карга айланган жаан жаай,
жолдор тайгак болот. андан улам, инспекторлор айдоочуларга унаалар
ортосундагы аралыкты сактап, аба-ырайынын шарттарына байланыштуу
ылдамдыкты жогорулатпай жүрүүнү эскертет. Алыскы сапарга чыккан
унаада сөзсүз тайгакка каршы чынжыры болушу шарт.