Францияда коронавирустан улам коменданттык саат киргизилди

Франция коронавирустун экинчи толкуну менен күрөшүү үчүн коменданттык саат киргизди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, өлкө президенти Эммануэль Макрон жашоочулар кечки саат тогуздан тартып эртең мененки саат алтыга чейин көчөгө чыкпашы керектигин эскертти. Коменданттык саат Париж менен катар дагы 8 шаарга — Марсель, Лион, Лилль, Сент-Этьен, Руан, Тулуза, Гренобль жана Монпельеге киргизилди.

Коменданттык саат ишемби күндөн тартып күчүнө кирет жана төрт аптага созулары күтүлүүдө. Ошол эле маалда саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Күндүз аймактарга каттоого болот. Коменданттык саат 22:00дөн 07:00гө чейин созулат.

 

10-октябрда Францияда сутка ичинде 26 миң адамдан илдет аныкталып, рекорддук көрсөткүч катары катталган.

Аталган өлкөдө жалпы 830 миң 376 адам коронавирус илдетине кабылган.