ЖК комитети Салык кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү кароону кийинкиге жылдырды

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 6-марттагы жыйынында Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салды.

 

“Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кароону кийинкиге жылдырууну жана алымча-кошумчаларды киргизүүнү депутаттар бир добуштан колдоду.

 

Комитеттин төрагасы Данияр Төлөновдун маалыматына ылайык, документке 47 депутат 199 сунуш берип, анын 82и толук, ал эми 11и жарым-жартылай кабыл алынган. 102 сунуш четке кагылган. Ишкерлер 59 сунуш берип, анын 20сы кабыл алынган.

Депутаттар Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун өзү келип маалымат беришин талап кылышты.

 

Президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам долбоору 2022-жылы 18-ноябрда эле сунушталганын, парламенттик угуу өтүп, 29-декабрда биринчи окууда кабыл алынганын айтып, документти экинчи окууда тезирээк кабыл алып берүүнү сурады.

Жаңы кодекс боюнча, салык эки режимде жыйналат. Биринчиси — жалпы салык режими. Анын ичинде пайдага салык, сатуу салыгы, кошумча нарк салыгы бар. Бул режим менен товар жүгүртүүсү 30 млн. сомдон ашкан ишкерлер салык төлөйт.

Экинчиси — бирдиктүү салык режими. Бул режим менен түшкөн акчанын көлөмү жыл ичинде 30 млн. сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес салык төлөйт.

Мындан сырткары, электрондук алып-сатууга 2% салык салуу каралган.