Жогорку Кеңештин депутаттары 16-октябрь күнү кезексиз жыйынга чогула турганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Күн тартибинде президенттин отставкасы тууралуу маселе турганы айтылды. Жыйын саат 10.00дө башталып, «Ала-Арча» резиденциясында өтөт.
Эскерте кетсек, 15-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жар салган.