Франциянын мурунку президенти Николя Саркози эркинен ажыратылды

Франциянын мурунку президенти Николя Саркози эркинен ажыратылды.

BFM.TV билдиргендей, өлкө башчы абакка камалбайт, бирок электрондук

билерик тагынууга милдеттүү болот. Бул анын кыймылын чектейт. Эске салсак,

мурдагы өлкө башчыга жаза колдонуу чарасы 2012-жылкы шайлоо өнөктүгүнө

ашыкча каражат колдонгону үчүн көрүлүүдө. Саркози анда 22 миллион

евронун ордуна 42 миллион евродон ашык сарптаган.