Түркияда коронавирус боюнча чектөөлөр күчөдү

1-декабрдан баштап Түркияда иш күндөрү кечки саат тогуздан таңкы бешке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынды.

30-ноябрда президент Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында кайрадан коронавируска байланышкан чектөөлөр киргизилгенин кабарлады. Кабыл алынган чечимге ылайык, өлкөдө ишканалардын баары кечки саат сегизде толук жабылышы керек.

 

Жашы 65тен ашкан жана 20 жашка чейинки жарандарга коомдук транспорт колдонууга тыюу салынды.

 

Ошондой эле жаназаларда мечитке 30 кишиден ашпаган киши гана намазга кирери айтылды. Той-топурларга, жаңы жылды масштабдуу майрамдоого да чектөөлөр кирди.

 

Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок.

Бул өлкөдө коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 30-ноябрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөр 13 746 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 500 миңден ашып, алардын 405 миңге жакыны айыгып чыкты.