Пакистандагы поезд кырсыгынан каза тапкандардын саны 40тан ашты

Пакистандагы поезд кырсыгынан каза тапкандардын саны 40тан ашты.

Ондогон адамдар жаракат алышты. 7-июнда эртең менен болгон кырсык

Синд провинциясындагы Дахарки шаарына жакын жерде болгон.

Карачиден Саргодхага бара жаткан жүргүнчү поезд рельстен чыгып кетип,

каршы багытта келе жаткан поезд менен кагышкан.

Окуя алыскы аймакта орун алгандыктан куткаруу операциясы кыйынчылык менен коштолууда.

Ага катышып жаткан полиция кызматкерлери айрым адамдардын сөөгүн алып чыгуу кыйын болуп жатканын билдиришти.Өлкөнүн премьер-министри Имран Хан кырсыктын себептерин аныктоо үчүн терең иликтөө жүргүзүлөрүн убада кылды. Түштүк Азиядагы калкы көп Пакистанда акыркы жылдары

темир жол кырсыктары көп катталууда. Поезд популярдуу транспорттун түрү

болгону менен көпчүлүгүнүн эскилиги жеткени айтылып келет.