Россия мигранттардын өлкөгө келишин жөнөкөйлөтүп, аларды милдеттүү түрдө эмдөө ниетинде

Россия мигранттардын өлкөгө келишин жөнөкөйлөтүп, аларды милдеттүү түрдө эмдөө ниетинде.

Вице-премьер Марат Хуснуллин  билдиргендей, өлкөдө мигранттардын аздыгы өзгөчө курулуш

тармагында сезилип жатат. Ал эми курулуш объектилеринде жумушчулардын жетишсиздиги

экономикалык алсыроого алып келет. Буга чейин бир гана Моксвада 300 миңдей эмгек мигранты

жетишпей жаткан. Ага чет өлкөлүктөрдүн келишине чектөөлөр көп болуп жатканы себеп.