Ош облусунун Кара-Суу районундагы айланма жолду оңдоо иштери башталды.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин аймактагы бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош — Кара-Суу жолундагы 5 чакырым жол октябрда толук оңдолуп бүтөт.
Иштерди жүргүзүүгө 170 миллион сом багытталат. Белгилеп кетсек, айланма
жол аркылуу Ош — Кара-Суу жана Ош — Жалал-Абад тарапка каттаса болот.