Футбол боюнча Европа чемпионатынын бардык катышуучулары аныкталды

Футбол боюнча Европа чемпионатынын бардык катышуучулары аныкталды. Үч финалдык квалификациялык беттештер кечээ өттү.

 

Грузия пенальти сериясында Грецияны утуп алды, Польша Уэльс курамасын, ал эми Украина футболчулары Исландиядан күчтүүрөөк болду.

 

Жалпысынан турнирдин тайпалык этабында  24 курама ойнойт, алар өз ара 6 топко бөлүнөт. Чемпионат 14-июндан 14-июлга чейин өтөт. Эске салсак, учурдагы Европа чемпиону – Италия.