Лионель Месси 21-кылымдын мыкты футболчусу аталды

Лионель Месси 21-кылымдын мыкты футболчусу аталды.

Give Me Sport басылмасы клубдук деңгээлде көп гол киргизген мыкты оюнчуларынын рейтингин түздү.

Тизменин сап башына 726 оюнда 630 гол киргизген “Барселона” командасынын чабуулчусу Месси чыкты.

Экинчи орунда “Ювентус” клубунун жылдызы Криштиану Роналду турат. Ал 812 оюнда 626 гол жараткан.

Үчилтикти “Бавариянын” оюнчусу Роберт Левандовски бекитти.

Ал клубдук деңгээлде 472 оюндун ичинен 345 голду камсыздады.