Нарын шаарында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.
Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Нарын хоккей лигасынын вице-президенти Бактыбек Жумагулов билдирди.
Жумагулов чемпионатка жалпы алты команда катышарын маалымдады.
“Мелдеш 1-ноябрда муз аянтчасында өткөнү турат”, — дейт ал.