Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Дубайда окуу-машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Иш-чара 29-августтан 13-сентябрга чейин болот. Анын алкагында «Ак шумкарлар» эки жолдоштук беттеш өткөрөт.
7-сентябрда “Аль-Наср” командасы менен, 11-сентябрда Кувейт улуттук курама командасы менен оюн уюштурулат.
Командага 26 оюнчу кирди. Оюндардын трансляциясы тууралуу кийинчерээк маалымдалат.