“Ганси” борборун госпиталь алдына өзгөртүүдө баалар атайлап жогорулатылган

“Ганси” борборун госпиталь алдына өзгөртүүдө баалар атайлап жогорулатылган. Бул тууралуу Генералдык прокуратурадан билдиришти.

 

“Аскер курулуш” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери документтерди бурмалап, республикалык бюджеттин каражатын өздөштүрүп алган.

 

Жыйынтыгында, 2,5 миллион сомго зыян келтирилди. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.