Бишкекте 15-марттан тарта ондоо иштерине байланыштуу 14 көчө убактылуу жабылат

Бишкекте 15-марттан тарта ондоо иштерине байланыштуу 14 көчө убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Кайра калыбына келтирүү “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлөт. Долбоор эки жылга эсептелген.

 

Бул аралыкта беш көпүрө курулуп, 70 чакырымдык 60 жол ремонттолот.

 

  • Каркыра көчөсү Гагаринден Ак-Ордо конушуна чейин;
  • Түгөлбай Ата көчөсү Ибраимовдон Орозбековго чейин;
  • Айбийке көчөсү Гагаринден Ак-Ордо конушундагы темир жолго чейин;
  • Ажыбек Баатыр көчөсү Жунусалиевден Манас проспектине чейин;
  • Жунусалиев көчөсү Абдрахмановдон Масалиев көчөсүнө чейин (Арча-Бешик конушу);
  • Стадион көчөсү Абдрахмановдон Магистралга чейин (Ынтымак конушу);
  • Көкчө-Тоо көчөсү Махатма Гандиден Тоголок Молдого чейин;
  • Ташкент көчөсү Турусбековдон Тоголок Молдого чейин;
  • Новая көчөсү Ленден Жеңиш көчөсүнө чейин (Жеңиш конушу);
  • Сухэ-Батор көчөсү Каралаевден Шабдан Баатырга чейин;
  • Койбагаров көчөсү Жукеев-Пудовкинден Каралаевге чейин;
  • Фере көчөсү Тоголок Молдодон Курманжан Даткага чейин;
  • Буденый көчөсү. Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектине чейин;
  • Огонбаев көчөсү. Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин.