Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жоюлду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жоюлду. Токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

 

Өкмөттүн маалыматына ылайык, аталган ведомство натыйжалуу иштебегендиктен, Кыргызстанда көмүскө экономиканын көрсөткүчү 43 пайызга жетти.

 

Андан тышкары, Каржы полициясы ички экономикалык кызыкчылыктарды коргобостон, жазалоочу кызматка айланып калгандыктан, аны жоюу тууралуу чечим кабыл алынды. Эске салсак, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 2012-жылы түзүлгөн.