Германия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берет.
Бул тууралуу биздин өлкөдөгү Германиянын элчиси Габриэла Геллил билдирди.
Анын айтымында, препараттын 110 миң дозасы COVAX механизминин алкагында
жеткирилет. Логистикалык маселелер кошумча талкууланат. Белгилеп кетсек,
буга чейин биздин өлкөгө COVAX программасынын алкагында
АстраЗенека вакцинасы жеткирилген