Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы 2,5 миллион сомго белгиленет.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, майрамдык программага ылайык,
салтанат борбордук аянтта өтөт, 7 боз үй тигилип, кол өнөрчүлөрдүн
көзгөзмөсү менен башталат. Андай кийин шаңдуу ыр-бий менен коштолуп,
театрлаштырылган оюн өткөрүлөт. Иш-чаранын кечки бөлүгү 7,5да ачылып,
концерттик программа менен коштолот. Аягында салют аттырылат.