Гватемаланын тургуну АКШга чейин учактын канатына отуруп жетти

Гватемаланын тургуну АКШга чейин учактын канатына отуруп жетти. Аны аба кемеси Майамидеги аэропортко конгонгондон кийин гана көрүштү. Интернеттеги видеодо көрүнгөндөй, эркек нес абалда америкалык чек арачылардын жанында турат.

 

Гватемаланын тургуну бутуна тура албай, отура калганын дагы көрсө болот. Учурда ал ооруканада. Чек арачылар белгилешкендей, учактын шассисине жашынуу – өмүргө чоң коркунуч алып келет. Бул окуяны тергөө жүрүүдө.