Кыргызстанда аз камсыздалгандарга электр энергиясына жеңилдиктер 700 киловаттык чектөөдөн ашпаганда гана берилет. Энергетика министрлигинен белгилешкендей, ал эми андан көп колдонгондор бир киловатт-саатка 2 сом 16 тыйындан эле төлөйт.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун чечими менен 2022-жылдын 1-январынан тарта аз камсыздалган үй-бүлөлөр электр энергиясынын бир киловатына 50 тыйындан төлөп калат. Учурда тиешелүү документ Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип жатат.