Убада кылынган 400дөн ашуун үйдүн экөө гана курулуп бүттү

Баткенде чек ара каргашасында талкаланган 400дөн ашуун үйдөн бүгүнкү күнгө карата экөө курулуп бүткөнү 27-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында белгилүү болду.

 

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаевдин айтымында, 420 үй жабыркаганы аныкталган (бирөө Баткен шаарында, 315 үй Баткен районунда жана 104ү Лейлек районунда), алардын 416сы боюнча курулуш иштери жүрүүдө.

Депутат Тазабек Икрамовдун курулуш иштери качан башталганы жана канча үй курулганы тууралуу суроосуна жооп берип жатып Жетибаев октябрь айынан бери эки объект бүткөрүлгөнүн, 121 үйдүн дубалдары тургузулганын, 74 үйдүн чатыры жабылып жатканын, 9 үйдүкү жабылып бүткөнүн билдирди.

Анын айтымында, бир үйдүн сметалык баасы 5 миллион сомду түзүп, келишим боюнча 3,3 миллион сом болду.

 

Жыйында курулуш иштерин «Аманат Курулуш Инвест» ишканасы жүргүзүп жатканы, Каржы министрлиги 1 миллиард 400 миллион сом бөлүп бергени айтылды.

Депутат Исхак Масалиев бул курулуш компаниясынын ишин текшерүү керектигин, себеби миллиондогон акча бир гана ишканага берилип жатышында коррупция болушу ыктымал экенин айтты.

 

Депутат Камила Талиева Баткен облусун калыбына келтирүүгө жооптуу мамлекеттик органдардын ишин сынга алып, кадр жана кесипкөй адистер жетишсиз экенин кошумчалады. “Эч кандай эффективдүүлүк жок, Баткен районунан жер которуп, башка аймактарда убактылуу жашап жаткандардын балдарын окутуу процесси боюнча так маалымат бериле элек. Мамлекеттик органдар расмий жооптор жана отчеттор менен гана алектенүүдө”, — деди ал.

 

Жалпысынан депутаттар Баткен облусун калыбына келтирүү иши чабал жүрүп жатканын айтып, нааразылыгын билдиришти.

Былтыр жазында жана быйыл сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон. Миңдеген адам үй-жайын таштап качууга мажбур болгон, алардын айрымдары коопсуздук маселесинен улам үйүнө кайта электиги парламентте бир нече жолу айтылды.

Бийлик жаңы үйлөрдү эки-үч айда куруп берүүнү убада кылган болчу.