Илон Маск дүйнөлүк миллиардерлердин рейтингинде 7-орунду ээледи

Илон Маск дүйнөлүк миллиардерлердин рейтингинде 7-орунду ээледи.

Бул көрсөткүч менен ал Уоррен Баффетти ашып өттү. Рейтинг «Bloomberg» агенттиги тарабынан түзүлгөн.

Илон Масктын кирешеси 6 миллиард долларга өсүп, анын жалпы каражаты 70,5 миллиард доллар деп бааланды.

Буга анын «Tesla» компаниясынын акциясы 11 пайызга өскөнү себеп болду.

Бул рейтингдин  үчилтигине Жефф Безос, Билл Гейтс  жана Марк Цукерберг жайгашат.